Бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэриясында шаардын борбордук көчөлөрүндө бак-дарактарды жаңылоо, отургузуу, жашыл аймактарды көбөйтүү маселеси боюнча адистер жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйында адистер тарабынан Курманжан-Датка көчөсүнүн боюна отургузулуучу бак-дарактардын түрлөрү боюнча бир катар сунуштар берилди.
Атап айтканда, ийне жалбырактуу жана декоративдүү дарактардын, анын ичинде клен, липа, каштан, акация ж.б. көчөттөрдүн түрлөрүн отургузуу сунушталды.
Ошондой эле, дарактардын фитонциддик касиеттери жөнүндө айтып берилип, кислород бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү, узак жашоосу жана аларга туура кам көрүү маселеси талкууланды.
Белгилей кетсек, учурда Курманжан-Датка көчөсүндө эскилиги жеткен, куураган, кулап түшүү коркунучундагы бак-дарактарды алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы дарактарды таңдоо жана отургузуу иштери биолог, экологдордун жана коомдук уюмдардын катышуусунда жүргүзүлөт.
Негизги көңүл жергиликтүү питомниктерде өстүрүлгөн дарактарга бөлүнөт.
Мындан тышкары, пилоттук долбоор катары Өзбекстан, Түркия, Италия өлкөлөрүнөн алынып келинген декоративдик дарактарды отургузуу болжолдонууда.
Биринчи этапта Курманжан-Датка көчөсүнө 1 миң 200гө жакын түп дарактын көчөттөрү тигилет.