Ош шаарынын мэриясында бүгүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте шылуундарга алданып калбоо боюнча жыйын өтүп, анын жүрүшүндө алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, акыркы учурда ар кандай жеңилдетилген насыялар, акциялар жана криптовалюта (MCN Coin) сатып алуу сыяктуу алдамчылык схемалары көбөйүп жаткандыгы, айрым шылуундар белгилүү саясатчылардын жана мамлекеттик кызматкерлердин ысымдарын колдонуп, элди жеңил акча табууга үндөп жатышкандыгы тууралуу эскертүүлөр берилди.
Андан сырткары жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөө, аларга карата кылмыштуулуктун алдын алуу жана алдамчылыкка, уурулукка жол бербөө багытында муниципалдык аймактык башкармалыктар менен бирге аткарылып жаткан иш-аракеттер жөнүндө айтылып, алданып калбоо үчүн адистер тарабынан бир катар жагдайларга көңүл бурууга кеңештер берилди.
Тиешелүү мамлекеттик органдар, мекемелер жарандар шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертет.