2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен, Ош шаарынын прокурору кызматына Сыдыгалиев Бакытбек Өмүрбекович дайындалды.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Б.Маатов жаңы дайындалган Б.Сыдыгалиевди Ош шаарынын прокуратурасынын жамаатына жана шаардын аймагындагы мекеме жетекчилерине тааныштырды.
Б.Сыдыгалиев эмгек жолун 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй областтарынын прокуратураларынан баштап, Сокулук районунун, Балыкчы шаарынын Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун прокурору болуп эмгектенген.