Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн (Зухра кафесинин жаны) И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин 18 метрге кеңейтилип, учурда жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады.
Ал эми жолдун боюндагы суу жана газ түтүктөрү, электр чубалгылары толук көчүрүлүп, бордюрларды жана арык лотокторун орнотуу боюнча иш-аракеттер аяктады.