Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүнкү таңкы кыдыруусу Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Абакир уулу Торобек, Мирсаатов, Н.Исанов көчөлөрүндө болду.
Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга Увам каналынын суу коругуна кирген аймагына мыйзамсыз курулуп калган, кызыл сызыктан чыгып кеткен эски чарбалык курулуштарды, тосмолорду, дарбазаларды алып салуу, жашыл аймактарды түзүү үчүн муниципалдык жер тилкесин унаа токтотуучу жайлардан бошотуу, жолдорду кеңейтүү боюнча тапшырмаларды берди.