Бүгүн, Ош шаарынын мэриясына караштуу «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды.
Жыйында ишкананын жетекчиси 2023-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди.
Мында таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйылкы жылга мерчемделген максаттары тууралуу айтып өттү.
Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын тазалоо иштерин күчөтүү максатында быйылкы жылы 30га жакын кошумча кызматкер алуу болжолдонуп жатканын билдирди.
Жыйында Сонунбек Жунусбаев «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчилигине керектөөчүлөрдүн санын арттыруу, шаар аймагында сигнал берүүчү тутумунун ишин жакшыртуу, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, кварталдык комитеттер менен биргеликте жумуштарды күчөтүүнү тапшырды.