Мында мыйзамсыз балмуздак саткан соода түйүндөр, велосипеддерди жана электросамокаттарды ижарага бергендер, уруксатсыз орнотулган аттракциондор аныкталып ишмердүүлүгү токтотулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, “Сулайман-Тоо” МАБнын кызматкерлери катышты.
Аталган сейил бакта мындан ары да өзүм билемдик менен уруксаты жок орнотулган соода түйүндөрү, оюн-зоок аянттары болсо чара көрүлөрүн эскертебиз.