Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жарандырдын кайрылуусуна ылайык, Атабаев 1А жана Атабаев 3А көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда уруксаты жок, өз билемдик менен курулган курулуштар сүрдүрүлүп, буздурулууда.
Аталган иштерге үйлөрдүн жашоочулары кол кабыш көрсөтүп, жардам беришүүдө.
Жалпысынан 30гө жакын мыйзамсыз курулуштар бузулуп, алынат.