Урматтуу Ош шаарынын тургундары. Бүгүн жааган карга байланыштуу күндүз кум, туз аралашмалары тиешелүү кызматтар тарабынан себилип жолдор кардан тазаланып турулду. Учурда түнкү суукка байланыштуу жолдордо муз тоңуп жүрүүгө кыйынчылыктар жаралууда. Ушул сааттарда шаардагы негизги жана ички жолдорду муз, кардан тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар жумуштарды алып барууда.
Урматтуу шаар тургундары сиздерден сураныч, жолго унааңыздардын жайкы дөңгөлөгү менен чыкпоону суранабыз. Анткени жолдо унаа тыгындарын пайда кылып, авариялык абалга себепчи болгон жагдайлар көп катталууда. Андыктан жалпыбыздын жол коопсуздугубуз үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз.