ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

V Элдик Курултай: Ош шаарынын делегаттарынын жыйыны өттү

Бүгүн Ош шаарында 2026-жылдын 18-19-декабрында өтүүчү V Элдик Курултайга баруучу делегаттар маанилүү чечимдерди кабыл алышты.
Жыйын Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин №2 Протоколуна жана КР Президентинин Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Уюштуруу комитетинин жооптуу мүчөлөрү — академик Ч. Арабаев, профессор С. Кайыпов, КР Президентинин Администрациясынын өкүлү У. Далиев, мамлекеттик инспектор Э. Касымбаев жана шайланган 38 делегат катышышты.
Алгач Ош шаарынын мэри делегаттарга калаадагы аткарылган иштер, экономикалык жана социалдык жетишкендиктер боюнча кеңири маалымат берди.
Андан соң күн тартибинде курултайдын Улуттук Кеңешине, эсептөө комиссиясына жана 3 мүнөттүк жарыш сөзгө чыгуучу делегаттардын тизмеси бекитилди.
Делегаттар эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө катары жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн мамлекеттик деңгээлде жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Окшош жаңылыктар

f1efb23d-9d86-49c5-9087-a8d34da26556 (1)

Ак-Тилекте ички көчөлөр асфальтталып, жолдор жаңыланууда

872514177_1471952108457015_3750074821864054205_n

Жарандарды кабыл алуу: Эрнис Толтоев шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту

toplivnye-brikety-vs-ugol-chto-vygodnee-dlya-otopleniya-doma-v-podmoskove-2

Ош шаарында жылуулук берүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө

886376459_1471230011862558_4309876106349176822_n

Ош шаарында маданият жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

4022796.1013a6e75cbf6b33b4252563064ef098

Ош шаарында жылуулук бериле баштады

872012327_1471009351884624_831026743434747127_n

Ош шаарынын мэри жаңыланган социалдык мекеменин иши менен таанышты

Видео