Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош юстиция башкармалыгынын башчысы Уларбек Жунусов, Ош облустук жана шаардык прокуратураларынын жетекчилери, өкүлдөрү катышты.
Юстиция башкармалыгынын имаратынын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында юстиция кызматкерлерине калкты тейлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Жаңы 5 кабаттуу имаратта калкка юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар тузүлөт. Мурунку Ош юстиция башкармалыгынын имараты 1971-жылы курулган жана авариялык абалда болчу.
Жаңы имаратта юстиция башкармалыгы, пробация департаменти, Мамлекеттик нотариалдык контора жайгашат, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык кызматтар көрсөтүлөт.