Ош шаарында жаңы муниципалдык базар ачылган күндөн тарта Б.Осмонов көчөсү аркылуу 3 муниципалдык автобус жана 4 кичи автобус каттай баштайт.
Алсак, жаңы муниципалдык базар аркылуу №9, №53, №6 муниципалдык автобустар жана №127, №141, №119, №109 кичи автобустар өтөт.
Каттамдар төмөнкү жол чийме менен жүрүшөт:
– №9 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Алымбек-Датка (Южный) муниципалдык аймактык башкармалыгы – Достук чек ара бекети” багыты боюнча каттаган учурда Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.
– №53 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Мээркан айылы- Ж.Раимбеков көчөсү” багыты боюнча жүргөндө Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.
– №6 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Орке, Соколок айылдары – Ж.Раимбеков көчөсү” багыты боюнча каттаганда Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.
–№127 кичи автобустук маршруттук каттамы “222-223 квартал – Кызыл-Байрак айылы” багыты боюнча каттаганда, Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.
– №141 кичи автобустук маршруттук каттамы Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы жактан келгенде, бекитилип берилген кыймыл чиймесиндеги Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайрылып, А.Масалиев, А.Навои, Г.Айтиев, Барсбек айланпасы, Б.Осмонов көчөлөрү менен жаңы базар аркылуу каттайт.
– №119 кичи автобустук маршруттук каттамы Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Сүрө-Таш айылына барганда жана келгенде Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.
– №109 кичи автобустук маршруттук каттамы С.Касымбеков көчөсүндөгү калкты тейлөө борборунда орун алган акыркы аялдамасы (С.Касымбеков – Достук айланпасы – Б.Осмонов көчөлөрү аркылуу), Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базарга жылдырылат.