Ж. Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери уланууда.
Узундугу 530 м туурасы 22 метр болгон жолго жаңыдан асфальт төшөлүп, 3 метрге кеңейтилген.
Андан сырткары 420 даана бак-дарак отургузулган.
Ошондой эле, заманбап жарыктандыруу, электр чубалгыларын иретке келтирүү, суугат системаларын орнотуу иштери да аяктаган.
Учурда көрктөндүрүү, отургучтарды, тосмолорду орнотуу, таман таш басуу, иштери жасалууда.