Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана жарыктандыруу жумуштарынын алкагында, жолго жаңы асфальт төшөө иштери башталды.
Туурасы 22 метрди, узундугу 600 метрди түзгөн жолго жалпысынан 5 см ири жана 4 см майда бүртүкчөлүү 2 катмар асфальт төшөлөт.
Жумушка 10дон ашык атайын техника жана 25ке жакын жумушчулар тартылган.