Учурда долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, ирригациялык тутумдарды алмаштыруу, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, жер астынан түтүктөрдү өткөрүү, жолду асфальт басууга даярдоо боюнча ар тараптуу иштер жүрүүдө.
Мындан тышкары куруучулар тарабынан темир тосмолор, чакан архитектуралык конструкциялар жасалып даярдалууда.
Калаа башчысы, аба ырайы жакшы болуп турган шартта, бул жердеги курулуш жумуштарын сапаттуу жана күчөтүлгөн тартипте белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабын койгон.