Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын айланасындагы мурда пайдаланылбай турган үч кошумча жолду ачуу жана жаңы жолдорду салуу иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен көрүп чыкты. Иш ыргагынын жүрүшү боюнча жеринде сунуштар, толуктоолор айтылып, жасалып жаткан жолдорду сапаттуу, белгиленген мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.
Айта кетсек, кошумча жолдорду ачуу менен бирге “Барсбек каган” айланма жолун кеңейтүү боюнча дагы иштер аткарылып жатат. Аталган жол кеңейтилсе, Ош-Араван жолундагы унаа тыгынынын алды алынып, унаа каттамдары бир топ жакшырат.