Муниципалдык базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат.
Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар.
Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан.
Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт.
Базарды көчүрүү иштери 20-январга болжолдонгон.