Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында орун алган жайкы театрда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты.
Мэр жасалып жаткан бардык жумуштар сапаттуу жасалып, мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, долбоор боюнча театрдын имаратын толугу менен оңдоп-түзөө жана куруу боюнча иштерди бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын апрель айына белгиленген.
Аталган курулуш Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашууда.