ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жаңы кондитердик цех ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

Ош шаарында “Мадина” аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке кирди. Ачылышка шаар мэр Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана коомдук ишмерлер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы шаарда ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Анткени бүгүнкү күндө инвестициялык климатты жакшыртуу максатында мамлекеттик кызмат […]

Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Ош шаарынын аймагында жалпы шембиликтин алкагында 140,8 гектар жер аянты тазаланып, 690 куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле 21280 метр узундуктагы ирригациялык арыктар тазаланып, суу өткөрүү системалары иретке келтирилди. Ишембиликке Ош шаарынын аймагындагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан активдүү катышып, шаардын тазалыгын камсыздоо жана көрктөндүрүү иштерине өз салымдарын кошушту. Мындан тышкары жазгы […]

Ош шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында гүл көчөттөрүн отургузуу акциясы өттү

Бүгүн Ош шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында гүл көчөттөрүн отургузуу акциясы уюштурулду. Акциянын алкагында шаардын Абдыкадыров көчөсүнө 15000 ден ашуун гүлдөр отургузулду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелер шаар тургундары үчүн жагымдуу жана кооз айлана-чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болорун билдирди. ”Шаардын көркү гүлдө, элдин көркү маданиятта”деген аталыштагы […]

Ошто заманбап жана экологиялык талаптарга жооп берген мейманкана ачылды

Ош шаарында заманбап талаптарга жооп берген “TES HOTEL” мейманканасынын жаңы имаратынын расмий ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков катышты. Аталган мейманкана 2003-жылы 5 бөлмөлүү чакан конок үй катары ишин баштаган. Акырындык менен өнүгүп, бүгүнкү күндө 52 бөлмөлүү заманбап мейманкана комплекси катары жаңыланып ишке берилди. Долбоордун жалпы […]

Жашыл демилге: Ошто жаңы сквер көрктөндүрүлдү

Ош шаарында дагы бир жаңы сквер салынып, рябина, штамп роза, можжевельник жана дуб көчөттөрү отургузулду. Бул калааны системалуу түрдө “жашыл шаарга” айландыруу багытындагы жаңы этаптардын бири гана. Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков жана шаар тургундары катышты. Жаңы сквер — шаарда акыркы убакта ишке ашып жаткан жашыл инфраструктураны кеңейтүү долбоорлорунун […]

Жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги штабдык отурум өттү

Ош шаары, 16-апрель Бүгүн мэрдин орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилигинде Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагындагы кезектеги штабдык отурум өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө буга чейинки ишембиликтердин алкагында аткарылган иштер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын маалыматтары угулду. Ошондой эле 18-апрелде шаар аймагында жалпы республикалык ишембилик уюшкандыкта өткөрүлүшү керектиги белгиленди. Ишембиликке Ош шаарынын аймагындагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө жана […]

Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулууда

Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда. Долбоор боюнча А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт. Жаңы альтернативалык багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Кочконов […]

Ош шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча форум өттү

Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган “Тарбия башаты – үй-бүлөдөн башталат” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, психологдор жана ата-энелер катышты. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык колдоо көрсөтүп, практикалык кеңештерин берди. Жыйынтыгында ата-энелер […]

“Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 22–23-апрель күндөрү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз! Ош шаарынын мэриясы, КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте “Окурман Ош” деген аталышта китеп фестиваль өткөрүп жатат. Фестивалдын алкагында сиздерди китеп жарманкеси, тематикалык көргөзмөлөр, кызыктуу оюндар, конкурстар жана концерттик программа күтөт. Бул – китеп сүйүүчүлөр үчүн […]

Ош шаарында “Жашыл шаар” демилгеси: стратегиялык долбоорду ишке ашырууга старт берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин буйругуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын негизинде ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыгууда. Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жумушчу топтун жетекчиси катары бүгүн тиешелүү кызматтын жетекчилери, ЕБРР банкынын өкүлдөрү, консултант-адистердин катышуусунда биринчи отурумду өткөрдү. “Жашыл шаар” долбоору — Ош […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.