Эски мектептер жаңыланып, жаңы долбоорлор ишке ашат: Жибек-Жолу аймагын өнүктүрүү күчөтүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Кыдырууда аймактагы эски мектептердин учурдагы абалы каралып, алардын коопсуздугу жана окуу шарттары талданды. Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде спорт зал жана маданият үйү курула турган жерлер көрүлүп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ыкчамдатуу тапшырмасы берилди. […]
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мэр Жанарбек Акаев 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды

Бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары шаар бийлиги билимдүү жаштарды колдоого алып, алардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Калаа башчысы […]
Мэр Жанарбек Акаев: “Шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо биринчи орунда болушу керек

Ош шаарынын мэриясынын биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, коллегиянын мүчөлөрү, шаар башчысынын орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде үч негизги маселе каралды: – Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын алкагында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана […]
Санариптик трансформация: “Демир банк” Ош шаарына 200 млн сомдук инвестиция салат

Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу боюнча демилгесинин алкагында Ош шаарында санариптештирүү багытында ири кадамдар жасалууда. Мэр Жанарбек Акаев “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” менен шаардык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 200 млн сомдук инвестиция боюнча эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол койду. Макулдашуунун алкагында Ош шаарындагы коомдук транспорт системасы жана жаңы базардын унаа токтотуучу жайлары […]
Ош шаарында өткөрүлгөн ишембиликте 1040 куб таштанды чыгарылды

Ош шаарынын аймагында өткөрүлгөн жалпы ишембиликте жалпысынан 199,6 гектар жер аянты тазаланып, 1040 куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле 21710 метр узундуктагы ирригациялык арыктар тазаланып, суу өткөрүү системалары иретке келтирилди. Бул жолку ишембиликке мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, жергиликтүү тургундар, жалпы 24202 жаран активдүү катышып, шаардын тазалыгын сактоого өз салымдарын кошушту. Мындан сырткары рекультивацияланган […]
Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө

Ош шаарынын аймагында жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө. Ишембиликке шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, айылдык, муниципалдык аймактык башкармалыктар, жогорку, орто, кесиптик окуу жайлары жана шаар тургундары катышууда. Бул жолу 26-марттагы штабдын үчүнчү жыйынында берилген тапшырмага ылайык шаардагы бак-дарактарды актоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле шаардагы парктар, эс алуу жайлары, көчөлөр, имараттардын алды иретке келтирилүүдө. Мындан […]
Бүгүн рекультивацияланган 2 көрүстөнгө көчөттөр отургузулду

Бүгүнкү ишембиликте Ош шаарындагы Ак-Гөр жана Мажүрүм-Тал көрүстөндөрүнө көчөттөр эгилип, эски жайды экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан Ак-Гөр көрүстөнүн көрктөндүрүү иштерине жогорку окуу жайлар да тартылып, Ош мамлекеттик университетинин жардамында 4 түрдүү көчөттөр отургузулду. Ал эми Мажүрүм-Тал көрүстөнүнө 250дөн ашуун эмен дарагы эгилип, көчөттөр Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу […]
Ош шаарында театр күнү белгиленди

Ош шаарында Эл аралык театр күнү белгиленип, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры жана Жаштар театрынын кызматкерлери сыйланышты. Ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында майрамдык иш-чара өткөрүлүп, театрдын актёрлору жана артисттери катышкан концерттик программа тартууланды. Майрамга шаардык мэриянын өкүлдөрү катышып, мэрдин атынан […]
Ош шаарында рекультивацияланган көрүстөндөрдү жашылдандыруу иштери уланууда

Ош шаарынын Озгур айылындагы эски көрүстөндө экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу максатында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Саамалык алгач маркумдарга багышталып куран окулуп, айыл аксакалдарынын ак батасы менен башталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Франциянын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилери, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Озгур […]
Ошто “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов “Алтын алакан” ден соолукту чыңдоо борборунун “Биз баарыбыз бирдейбиз” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасына катышты. Иш-чарада майыптыгы бар балдардын муктаждыктары, күнүмдүк көйгөйлөрү, аларга түзүлгөн шарттар жана бүгүнкү күндөгү көрсөтүлүп жаткан камкордуктар тууралуу […]