Ош шаары менен Литва Республикасынын кызматташтыгы кеңейтилет

Ош шаары, 12-март Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Литва Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Башкы консулу Шаруне Кубилюте, кеңешчиси Эдуард Мажул жана Литва Республикасынын Ош шаарындагы Ардактуу консулу Медербек Орумбаев менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаарынын өнүгүүсү жана Литва Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуу, жашыл энергетика, санариптик […]
Мэр Жанарбек Акаев ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маселесин талкуулады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ap тармакта иш алып барган бизнес өкүлдөрүнө жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жанарбек Акаев өлкө башчысы С.Н. Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында Ош шаарына инвестиция тартуу багытындагы иштер күчөтүлүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер шаар башчысына өз сунуш-пикирлерин жана ыраазычылыгын билдирип, ишкерликти жүргүзүүдө кездешкен айрым маселелерди да көтөрүштү. Мэр […]
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, агенттиктин каржылык колдоосу […]
Жанарбек Акаев: Ош шаары билим денгээли боюнча да алдыга чыгышы керек

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев республикалык олимпиаданын IV баскычына жолдомо алган окуучулар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Калаа башчысы мындан ары Ош шаары байыркы тарыхы, инфраструктурасы, Сулайман-Тоосу, Ак-Буурасы менен гана сыймыктанбастан, билим деңгээли боюнча да алдыга чыгышы керектигин белгилеп, олимпиадага аттанып жаткан окуучуларга ийгилик каалады. “Дүйнө жүзүндө билим берүү тармагында атаандаштык күчөп жаткан учурда, окуучулар […]
Мэр Жанарбек Акаев “Ош ТВ” телеканалына жаңы кызматтык унаа белек кылды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош ТВ” муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, телеканалга жаңы кызматтык унаа белек кылды. Белекке берилген унаа телеканалдын ишмердүүлүгүн жакшыртып, журналисттердин шаардагы коомдук, социалдык жана маданий иш-чараларды ыкчам чагылдыруусуна шарт түзөт. Калаа башчысы шаар тургундарына шаардык, мамлекеттик жана президенттин жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырууда “Ош ТВ” телеканалынын орду абдан чоң экенин белгиледи. […]
Жаңы дайындоо

Акылбек Орозматов “Ош ТВ” муниципалдык мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Жазгы үч айлыктын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштери уланууда

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери таштандылардан толук тазаланууда. Учурда тазалоо иштерине атайын техникалар тартылып, тиешелүү кызматтар тарабынан дарыянын жээгинде топтолгон таштандыларды чыгаруу, нугун кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетсек, шаар мэри Жанарбек Акаев ишембилик учурунда дарыянын жээгин таштандылардан арылтуу, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо, дарыянын нугун ачуу сел кырсыктарынын […]
2026-жылдын 20-мартынан тартып айыл чарбаны каттоо башталат

Каттоо төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча так маалыматтарды берет: – Бардык менчик түрүндөгү айыл чарба ишканаларынын жана дыйкан чарбаларынын саны жана түзүмү; – Айыл чарба продукциясынын түрлөрү жана көлөмү; – Жердин, эмгектин жана материалдык ресурстардын болушу; – Мал жана канаттуулардын саны; – Ферманы башкаруунун мүнөздөмөлөрү жана механикалаштыруу деңгээли. Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу 10 жылда бир жолу […]
Мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 8-мартка карата ооз ачар уюштурулду

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев социалдык долбоорлорду колдогон уюмдар менен биргеликте 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата шаардык муниципалдык ишканалардын айым кызматкерлерине ооз ачар уюштуруп, куттуктоо сөзүн айтты. Шаар башчысы аялзаттын коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын үй-бүлөдөгү жана шаарды өнүктүрүүдөгү эмгегине ыраазычылыгын билдирди. Иш-чаранын соңунда Рамазан айынын урматына 300 социалдык кызматкерге азык-түлүк жардамдары […]
Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Эртең, 7-март Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Белгилей кетсек, жазгы үч айлык өнөктүгү 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин жарыяланып, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлган. Таза […]