Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Калаа башчысы белгиленген аймактарга жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошорун, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен […]
“Санаторий сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керек” — мэр Жанарбек Акаев

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылында жайгашкан санаторийде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга жана жооптуу жетекчилерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүтүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Мэр мындай объектилерди жаңылоо шаар тургундарынын жана келген коноктордун ден соолугун чыңдоого, ошондой эле эс алуу шарттарын […]
Мэр Жанарбек Акаев жана министр Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн ишкерлер менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы ишкерлер менен жолугушту. Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда министр курулуш тармагындагы механизмдер жана иштерди мыйзамдуу жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ош шаарындагы айрым курулуш объекттери тиешелүү […]
Ошто мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен жалпы ишембилик өткөрүлүүдө

Бүгүн Ош шаарында шаар мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик экинчи ирет өткөрүлүүдө. Ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын жамааттары, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары катышууда. Ишембиликке атайын техникалар тартылып, катышуучулар керектүү шаймандар менен камсыздалды. Учурда негизинен Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери тазаланып, таштандылар, […]
Жанарбек Акаев: «Алай» футбол клубуна мэрия тарабынан колдоо күчөтүлөт

Ош шаарындагы «Алай» футбол клубу өлкө биринчилигинин алкагындагы үчүнчү беттешин өз майданында өткөрүп, Кара-Балта шаарындагы «Кыргыз Алтын» командасы менен күч сынашты. Беттешке Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары жана көптөгөн күйөрмандар катышты. Оюндун алдында шаар башчысы сөз сүйлөп, «Алай» футбол клубу Ош шаарынын намысын коргоп келе жаткан команда экенин белгилеп, мэрия тарабынан клубга […]
Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация көчөтү отургузулду

Бүгүн Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация (робиния) дарагы отургузулду. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылуда. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына […]
Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Эртең, 14-март Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Белгилей кетсек, жазгы үч айлык өнөктүгү 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин жарыяланып, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлган. Баарыңыздарды […]
Мэр жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуштарын тездетүүнү тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сүйүнбаев, Атабаев, Төлөнов, Санкт-Петербург жана Абдувалиев көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жол жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берип, жарандардын, айрыкча балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Учурда көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынууда, […]
Ош шаарында жазгы жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери күчөтүлөт

Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын экинчи жыйыны өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Жыйында жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүүчү ишембиликтерди жогорку уюшкандыкта өткөрүү, интернет провайдерлерине тиешелүү чубалгыларды инвентаризациялоого алып, тартипке салуу жана […]
Мэр Жанарбек Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты. Шаар башчысы тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында канал жээктерин тез арада тосуп, иретке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Кыдыруунун жүрүшүндө мэр канал жээгинде жашаган тургундар менен да жолугуп, жакын арада коопсуздук талаптарына ылайык жаңы […]