Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жалпы ишембилик башталды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында жазгү үч айлык ишембилик башталды. Жазгы үч айлык ишембиликтин алкагында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери таштандылардан толук тазаланат. Шаар башчысы дарыянын […]
Ош шаарында Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Ош улуттук драма театрында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарындагы бардык тармактардан 700 айым чакырылып, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, аруулуктун символу болгон аялзатын майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы убагында эл үчүн кызмат өтөгөн ардактуу апаларга ыраазычылыгын айтып, аялзатына урмат-сый көрсөтүү менен статусун көтөрүү […]
Кокочоров Долатбек Курманбековичке “Катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди.

Кызматтык милдеттерди аткaрууда этиканын ченемдерин бузгандыгы үчүн “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын директору Кокочоров Долатбек Курманбековичке Кыргыз Респyбликасынын Эмгек кодексине ылайык “Катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди.22
Ош шаарына боордош шаар Пхёнтэктен корей тилиндеги китептер келди

Ош шаарындагы К.Ташбаев атындагы шаардык китепканада Корея Республикасынан боордош шаар Пхёнтэктен келген корей тилиндеги жаңы китептин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, Пхёнтэк шаарынын мэриясына жана Эл аралык алмашуу фондуна маданий диалогду өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал эки шаардын ортосундагы боордоштук […]
Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого Кореядан 10 млн долларлык грант тартылат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы – “K-water” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Джун, ошондой эле менеджерлер Ким На Рэ жана Но Джэ Гён катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош шаарынын таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу долбоорун ишке […]
Ош шаарында “Agro Expo 2026” айыл чарба көргөзмөсү өтүүдө

Ош шаарынын борбордук аянтында “Agro Expo 2026” айыл чарба көргөзмөсү өткөрүлүп жатат. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөдө заманбап техника жана жабдуулар, сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, […]
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Ош шаары, 4-март Бүгүн Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Күн тартибине: – 2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө; – Ош шаарынын 2025- жылга жана 2026-2027- жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү […]
Ош шаарында 2026-жылдын бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү

Ош шаары, 27-февраль Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу болуп өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ААБ, МАБ башчылары, коомдук жана […]
Жаңы дайындоо

Мыктыбек Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. ***** Новое назначение Мыктыбек Осмоналиев назначен руководителем аппарата мэрии города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев. Резюме Осмоналиев Мыктыбек Опыт работы 2025-по настоящее время Координатор по южному региону Совет по развитию бизнеса и инвестициям при Кабинете Министров […]
Мэр Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту

Ош шаары, 27-февраль Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга шаардагы абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Калаа башчысы учурда шаардагы негизги маселелер баш аламан соода жайларын иретке келтирүү, мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу жана коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу […]