“Тез жардам” борбору толугу менен санариптештирилди

Бүгүн Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда, мекемени санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктагандыгына байланыштуу презентация өттү. Презентацияга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, “GIZ” эл аралык уюмунун (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому), Ош шаардык жана облустук медициналык мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Презентацияда Ош шаарынын мэриясынын жардамы, «GIZ» […]
Ошто таштандыларды ылгоолочу төртүнчү аянтча ишке кирди

Бүгүн, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Алай көчөсүндө жалпы аянты 105 кв. метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылголоочу төртүнчү аянтчаны ишке киргизди. Долбоор менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып чыгып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ар бир аянтчадан мурункуга караганда, сегиз эсе аз таштанды чыгарылган. […]
Ош: Бир учурда төрт эс алуу жайынын курулушу жүрүп жатат

Бүгүн, А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосундагы тилкеге жаңы эс алуу багынын курулушу башталды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) өкүлдөрү, куруучулар, жеке компаниялар менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан 4 долбоордун курулушу менен жеринде […]
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү тутумунда иштөө боюнча бир топ иш-аракеттер жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын мэриясында 18-сентябрдан тарта, үч күн бою мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын, билим берүү жана социалдык мекемелердин кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу жүргүзүлдү. Окутууну Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова жүргүзүп, “е-Kyzmat” автоматтык маалымат тутумунда, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында иштөө, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын […]
Жер үстүнөн өтүүчү өтмөктө тесттик режимде лифттер иштей баштады

А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктө 4 лифт тесттик режимде ишке киргизилди. Лифттер мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга каралган. Сыноо мөөнөтү 10 күн. Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору өтмөктөгү лифтти колдонууда белгиленген гана жарандардын чыгып-түшүү тартибин так сактоону сиздерден суранабыз. Бул жалпы элдик мүлк.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

30-сентябрда, шаар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш өтөт. Жарышка катышууну каалаган жарандар 30-сентябрда саат 08:00дө “Түбөлүк от” мемориалдык комплексинин жанында катталышса болот. Ал эми мекеме-ишканалардын табыштамалары 2023-жылдын 29-сентябрына чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин калыстар тобу тарабынан кабыл алынат. Жөө күлүктөр төмөнкү жаш категориялар боюнча […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт. Аталган мелдештерге катышуу үчүн табыштамалар муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине 2023-жылдын 30-сентябрына чейин кабыл алынат. Мелдештерге 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар катыша алат. А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун резервдик кичи футбол аянтчасында […]
Ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү

Ош шаарында билим берүү мекемелелеринин кызматкерлеринен жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалардын арасында улуттук ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгы боюнча педагогикалык жамааттардын ичинен жеңүүчү деп, төмөнкүлөр табылды: – 1-орун ОшМУнун командасы; – 2-орун ОшКУУ командасы; – 3-орун ОшТУнун командасы; – 4-орунду шаардык билим берүү башкармалыгынын командасы ээледи. Студенттер арасында […]
Жарандардын кайрылуусу канаттандырылат

Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №2-4-8-1-12-14 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары балдар ойноочу аянтчанын абалы өтө начар абалга келип, дээрлик курулгандан тарта бир да оңдоп-түзөө болбогондугун, балдар ойноочу аянтча жок кыйынчылык жаралып жатканын айтып кайрылышкан. Мындан улам Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жогоруда аталган көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жерди көрүп чыгып долбоорун жасап кийинки жылкы планга […]
Достук көпүрөсүнүн асты иретке келтирилип, темир тосмо менен тосулат

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөсүнүн алдын иретке келтирүү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жеринде тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери менен жыйын өттү. Анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөнүн алдын иретке келтирүү, «Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга өткөрүп берүү, […]