Шаар башчысы селдин кесепетинен жабыркаган борбордук базарда жүрүп жаткан тазалоо иштерин көрдү. Андан сырткары Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан, үйлөрү суу астында калган “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Жаңы-Маала көчөсүнүн жашоочуларынан кабар алды.
Бакытбек Жетигенов жеринде тиешелүү кызматтарга бардык жеткиликтүү күчтөрдү колдонуп, атайын техникаларды тартуу менен сел баскан аймактарды тазалоо боюнча иш-аракеттерди тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.