Аталган көчөдө жайгашкан соода-сатык түйүндөр, сулуулук салондор, тамактануучу жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынды.
Мындан сырткары, мыйзамсыз илинген жарнамалардын ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-аракеттер Ош шаарынын бардык аймактарында уланат.