Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын адистери биргеликте Ош шаарынын аймагында сатылып жаткан жашылчалардын, мөмө-жемиштердин курамында нитраттын өлчөмүн аныктоо максатында рейдке чыгышты.
Алгач, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу “Эл-Азык” соода борборундагы кичи дүкөндөр, Кулатов кичи шаарчасындагы “Арча” базарынын тегерегиндеги көчө бойлорунда сатылып жаткан коон, дарбыздар, жашылча, мөмө-жемиштер текшерүүгө алынып, натыйжасында айрымдардын курамында нитраттын өлчөмү 120-200 мг чыгып, 60-90 мг ченемден жогору экендиги аныкталды.
Кызыл-Кыштак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу Б.Осмонов көчөсүнүн жол боюнда сатылып жаткан коон, дарбыздар текшерилип, ысыкта, ачык жерде сатылып жаткандардын курамында нитраттын өлчөмү жогору экендиги белгилүү болду.
Текшерүүгө алынган жерлердин ээлерине ашыкча нитраттын ден соолукка тийгизген терс таасири, жашылча, мөмө-жемиштер үстү жабык, салкын жерде сатылышынын зарылдыгы боюнча түшүндүрүлдү.
Ошондой эле, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жетекчилигине жана базар ээлерине мөмө-жемиштерди сатууга берилген уруксат кагаздарында аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу, Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан коон, дарбыз базарындагы сатуучуларга шарт түзүп берүү боюнча тапшырмалар берилди.