⚙️ 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча Ош шаарынын жылуулук электр борборунда бардык цехтерде оңдоп түзөө иштери кызуу темп менен жүрүп жатат.
🔧 Казан-турбиналык цехинде станциялык №2 суу ысытуучу бойлеринде латун түтүкчөлөрүн алмаштыруу жумуштары аткарылып жатат.
🔧 Ошол эле Казан-турбиналык цехинде жылуулук тармактарынын басым кубаттуулугун калыбына келтирүү максатында машиналык залындагы СЭ-1250-140-11-С тибиндеги станциялык №2 тышкы тармактык насосун оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат.
🔧 Муну менен катар электр жабдыктарын оңдоп-түзөө жумуштары кызуу жүрүп жатат. ОРУ-110кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктөрүнүн №1 ячейкасында В-110кВ жогорку чыңалуудагы өчүргүчү жана Т-1 байланыш трансформаторунун ТТ-110кВ ток трансформатору күндөлүк оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.