Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаар башчысы Жанарбек Акаевдин коштоосунда шаарда ишке ашырылып жаткан бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мэр Жанарбек Акаев Б. Осмонов көчөсүн капиталдык оңдоо, таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү заводдун долбоору, ошондой эле Ак-Буура дарыясын, жээктерин тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин экинчи этабы боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары С. Жусуев, Курманжан датка, Б. Осмонов жана Т. Касымбеков көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан транспорттук жол түйүнүнүн жана жер үстүндөгү жөө жүрүүчүлөр үчүн көпүрөнүн курулуш иштери көрсөтүлдү. Долбоорлор шаардагы транспорттук агымды жакшыртууга, жол тыгындарын азайтууга, экологиялык абалды жөнгө салууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Өзгүр айылындагы “Коңур-Жаз” агроөнөр жай комплексинин курулушу каралды. Жалпы аянты 69,76 гектарды түзгөн комплекс 10 миң баш малды багууга ылайыкталган. Долбоордун алкагында 20 миң куб метр көлөмүндөгү суу сактагыч жана эки насостук станция курулууда. Бул 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыздоого шарт түзөт. Комплекс толук ишке киргенде 910 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Иш сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү жетекчилерге бардык объектилердеги курулуш жана оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө, талаптагыдай сапатта бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.
