Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын угат.
Жолугушуулардын ГРАФИГИ
11-ноябрь
– 09:00 – Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы (ОшМУнун тарых факультетинин актылар залы).
– 12:00 – Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы (№ 1 Федченко атындагы орто мектебинин актылар залы).
– 15:00 – Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы ( № 18 А. Навои атындагы орто мектебинин актылар залы).
12-ноябрь
– 09:00 – Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы (№ 3 М.В. Ломоносов атындагы орто мектебинин актылар залы).
– 12:00 – Кызыл-Кыштак муниципалдык аймактык башкармалыгы ( Кызыл-Кыштак ААБнын жыйындар залы).
– 15:00 – Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы ( № 42 Керме-Тоо атындагы орто мектебинин актылар залы).
13-ноябрь
– 09:00 – Алымбек-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы (№ 16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектебинин жыйындар залы).
– 12:00 – Гүлбаар айылдык аймактык башкармалыгы (№ 21 М.С. Пушкин атындагы орто мектебинин актылар залы).
– 15:00 – Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы (Маданият үйү).
Шаар тургундарын жолугушууларга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча сунуш-пикирлерин билдирүүгө чакырабыз!





