Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова баштаган делегация 2026-жылдын 9-10-ноябрь күндөрү Минск шаарында өтүп жаткан Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын аймактарынын I форумуна катышууда.
Форумдун алкагында делегациянын биринчи күндөгү программасы Гомель шаарында уланды. Анда Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Мындан тышкары, делегация мүчөлөрү шаардын саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, “Спартак” кондитердик фабрикасына барышты жана ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Масуда Айдарбекова Гомель шаарынын өнөр жай жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, эки шаардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди. Анын ичинде ишкердик байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине дагы токтолду.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын делегациясынын форумга катышуусу Кыргызстан менен Беларусь өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

