Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында өттү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуп, калктын жашоо шартын жакшыртуу, аймакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жаңылоо маселелерин талкуулады.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан жашылдандыруу, бала бакча, ФАП жана балдар аянтчаларын куруу, жер мунапысы, жайыт жерлери, инклюзивдүү окутуу, жеке ишкердикти колдоо, жолдордун абалы, жол чырактарын орнотуу, газдаштыруу, ирригация жана турак жай маселелери көтөрүлдү.
Шаар башчысы аймакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз улантыларын билдирди. Айрым кайрылуулар жеринде чечилип, калган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине так тапшырмалар берилди. Мэр ар бир кайрылуу өзүнүн жеке көзөмөлүндө болорун жана жоопкерчиликтүү түрдө катуу талап коюларын эскертти.

https://www.facebook.com/share/v/1CGJtsnKJk/

Окшош жаңылыктар

912821699_1486434727008753_266187065161870754_n

Ошто дагы бир бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

913241048_1486207480364811_1310688399174694756_n

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

images

Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

903652290_1482837394035153_7838097822901186342_n

Көйгөйдөн — чечимге: Мэрдин эл менен жолугушуулары Жапалакта жыйынтыкталды

894460910_1482423224076570_5615289455165886429_n

Алымбек датка аймагында эл үнү угулду: Мэр көйгөйлөрдү жеринде талкуулады

905240490_1481773987474827_5010824752380973550_n

Россиялык дарыгерлер Ош шаарында операцияларды жана консультацияларды өткөрүүдө