Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

Ош шаарынын туристтик дараметин жогорулатуу, эс алуучулардын агымын көбөйтүү жана тармакты өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эки заманбап асма жол куруу демилгеси көтөрүлүүдө.
Бул демилгени ишке ашыруу үчүн бүгүн Ошко австриялык “Doppelmayr”, франциялык “Ammandy” жана кытайлык курулуш компанияларынын адистери келишти.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана аталган чет элдик коноктор менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүп, долбоордун негизги багыттарын талкуулады. Мындан тышкары, курулуш жүрүшү мүмкүн болгон аймактар жеринен каралып чыкты.
Алдын ала сунушталган демилгеге ылайык, асма жолдордун бири шаардын түштүк-чыгыш (Юго-Восток кичи району) тарабынан Ак-Буураны бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылса, экинчиси Керме-Тоо тоосунан башталган багытта курулушу күтүлүүдө.
Учурда тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана алдын ала тактоо иштери жүрүп жатат. Бардык даярдык жана макулдашуу жараяндары аяктаган соң, келерки жылдын жаз айларында курулуш иштерин баштоо мерчемделүүдө.

https://www.facebook.com/share/v/19oDLSafZQ/

Окшош жаңылыктар

912821699_1486434727008753_266187065161870754_n

Ошто дагы бир бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

913241048_1486207480364811_1310688399174694756_n

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

903652290_1482837394035153_7838097822901186342_n

Көйгөйдөн — чечимге: Мэрдин эл менен жолугушуулары Жапалакта жыйынтыкталды

904318305_1482589524059940_2171800305730877611_n

Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында өттү

894460910_1482423224076570_5615289455165886429_n

Алымбек датка аймагында эл үнү угулду: Мэр көйгөйлөрдү жеринде талкуулады

905240490_1481773987474827_5010824752380973550_n

Россиялык дарыгерлер Ош шаарында операцияларды жана консультацияларды өткөрүүдө