Мэр Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырды. Буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды. Өз кезегинде клуб өкүлдөрү көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, бул колдоо жаңы ийгиликтерге жол ачарына ишеним артышты.
Ош шаарында жазгы чуркоо марафону өттү

Ош шаарында 6-апрель – Дене тарбия жана спорт күнүнө карата жазгы чуркоо марафону өткөрүлдү. Марафонго шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жогорку класстын окуучулары, өзгөчө балдар жана шаар тургундары, жалпы 2000 ден ашуун адам катышты. Мелдеш жалпы 14 категория боюнча өткөрүлүп, катышуучулар 200, 500, 600 жана 1200 метр аралыктагы төрт дистанцияда чуркап, күч сынашты. Марафондун жыйынтыгында бардык […]
Ош шаары 2026-жылдын биринчи кварталын былтыркыга салыштырмалуу 48,6% өсүш менен жапты

Ош шаары 2026-жылдын биринчи кварталын туруктуу өсүш менен жапты. Жалпы киреше 993,7 млн сомду түздү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу шаардын кирешелери 48,6%га өсүп, ал эми 2024-жылга салыштырганда 481 млн сомго көбөйдү. Ошентип финансылык көрсөткүчтөр экономикалык активдүүлүктүн жанданышын, салыктык тартиптин бекемделишин жана шаардык башкаруунун натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
Ташкент-Ош түз авиакаттамы ачылды

“Кыргызстан аэропорттору” ААКсы Ташкент менен Оштун ортосунда “Centrum Air” авиакомпаниясынын жаңы пландаштырылган түз аба каттамы 1-апрель күнү ишке кирип, 95 жүргүнчү менен келди. Алгачкы рейсти Ош эл аралык аэропортунан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Өзбекстан Республикасынын Оштогу башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана башка өкүлдөр салтанаттуу тосуп алышты. Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон […]
Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында түзүлгөн штабдын кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында түзүлгөн штабдын кезектеги төртүнчү жыйыны өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Жыйында 26-марттагы үчүнчү штабдык чогулушта берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтар алынып, келе жаткан ишемби күнү, 4-апрелдеги ишембиликти уюшкандыкта өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди. Белгилей […]
Эски мектептер жаңыланып, жаңы долбоорлор ишке ашат: Жибек-Жолу аймагын өнүктүрүү күчөтүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Кыдырууда аймактагы эски мектептердин учурдагы абалы каралып, алардын коопсуздугу жана окуу шарттары талданды. Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде спорт зал жана маданият үйү курула турган жерлер көрүлүп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ыкчамдатуу тапшырмасы берилди. […]
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мэр Жанарбек Акаев 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды

Бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары шаар бийлиги билимдүү жаштарды колдоого алып, алардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Калаа башчысы […]
Мэр Жанарбек Акаев: “Шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо биринчи орунда болушу керек

Ош шаарынын мэриясынын биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, коллегиянын мүчөлөрү, шаар башчысынын орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде үч негизги маселе каралды: – Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын алкагында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана […]
Санариптик трансформация: “Демир банк” Ош шаарына 200 млн сомдук инвестиция салат

Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу боюнча демилгесинин алкагында Ош шаарында санариптештирүү багытында ири кадамдар жасалууда. Мэр Жанарбек Акаев “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” менен шаардык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 200 млн сомдук инвестиция боюнча эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол койду. Макулдашуунун алкагында Ош шаарындагы коомдук транспорт системасы жана жаңы базардын унаа токтотуучу жайлары […]
Ош шаарында өткөрүлгөн ишембиликте 1040 куб таштанды чыгарылды

Ош шаарынын аймагында өткөрүлгөн жалпы ишембиликте жалпысынан 199,6 гектар жер аянты тазаланып, 1040 куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле 21710 метр узундуктагы ирригациялык арыктар тазаланып, суу өткөрүү системалары иретке келтирилди. Бул жолку ишембиликке мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, жергиликтүү тургундар, жалпы 24202 жаран активдүү катышып, шаардын тазалыгын сактоого өз салымдарын кошушту. Мындан сырткары рекультивацияланган […]