Жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги штабдык отурум өттү

Ош шаары, 16-апрель Бүгүн мэрдин орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилигинде Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагындагы кезектеги штабдык отурум өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө буга чейинки ишембиликтердин алкагында аткарылган иштер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын маалыматтары угулду. Ошондой эле 18-апрелде шаар аймагында жалпы республикалык ишембилик уюшкандыкта өткөрүлүшү керектиги белгиленди. Ишембиликке Ош шаарынын аймагындагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө жана […]
Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулууда

Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда. Долбоор боюнча А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт. Жаңы альтернативалык багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Кочконов […]
Ош шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча форум өттү

Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган “Тарбия башаты – үй-бүлөдөн башталат” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, психологдор жана ата-энелер катышты. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык колдоо көрсөтүп, практикалык кеңештерин берди. Жыйынтыгында ата-энелер […]
“Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 22–23-апрель күндөрү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз! Ош шаарынын мэриясы, КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте “Окурман Ош” деген аталышта китеп фестиваль өткөрүп жатат. Фестивалдын алкагында сиздерди китеп жарманкеси, тематикалык көргөзмөлөр, кызыктуу оюндар, конкурстар жана концерттик программа күтөт. Бул – китеп сүйүүчүлөр үчүн […]
Ош шаарында “Жашыл шаар” демилгеси: стратегиялык долбоорду ишке ашырууга старт берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин буйругуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын негизинде ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыгууда. Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жумушчу топтун жетекчиси катары бүгүн тиешелүү кызматтын жетекчилери, ЕБРР банкынын өкүлдөрү, консултант-адистердин катышуусунда биринчи отурумду өткөрдү. “Жашыл шаар” долбоору — Ош […]
Мамлекет башчысы Ош шаарындагы полимер түтүктөрүн чыгаруучу “Эл Пласт” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош шаары, 10-апрель Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров шаар мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды. Өлкө башчысы өнөр жай тармагынын продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. Бүгүнкү күндө ишкана суу менен камсыздоодо, канализацияда жана айыл чарбасында колдонулуучу диаметри 16дан […]
Президент Садыр Жапаров Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Ош шаары, 10-апрель Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Шаар мэри Жанарбек Акаев мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берди. Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылып, суунун агымын тосуп турган тоскоолдуктар […]
Өлкө башчысы Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна старт берди

Ош шаары, 10-апрель Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 10 мектептин курулушуна расмий түрдө старт берип, С. Жигитов атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушуна мезгил кутучасын салды. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Өлкө башчысы Ош шаарындагы мамлекеттик мектептер эки эседен ашык […]
Ош шаары менен Санкт-Петербург шаарынын ортосундагы кызматташтык кеңейтилет

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра, Эл аралык эмгек миграциясына көмөктөшүү ассоциациясынын президенти Елена Дёмина, “Южный” миграция борборунун башкы директору Аким Черников жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаары менен Санкт-Петербуг шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты […]
Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Административдик кызмат орундарынын улук тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим; – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз […]