✅ Мэр “Жетиген” мектебинде түзүлгөн шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте “Жетиген” жалпы билим берүү мекемесинде болуп, мекемеде түзүлгөн шарттар менен таанышты. Рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты. Мындан тышкары, шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы […]
✅ Таңкы рейд: Ош көчөсү Манас айланма жолуна чейин кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө аталган көчө Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү жол катары кеңейтилери белгиленди. Ошондой эле бул көчө Ош эл аралык аэропортуна алып чыгуучу кошумча альтернативдүү жолдордун бири болору айтылды. Ушуга байланыштуу, кызыл сызыкка […]
✅ Ош шаарындагы эмерек жана килем базары Жаңы Ош базарына көчүрүлдү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы ачылган Жаңы Ош базарына көчүрүлгөн эмерек жана килем саткан соодагерлер менен жолугуп, соода жайын кыдырып көрдү. Мэр соодагерлерге жаңы базарда ийгиликтерди каалап, ак батасын берди. Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта соодагерлер жаңы соода жайларына жайгаша башташты. Көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясы көмөк көрсөтүүдө. Соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, соода жайлары […]
✅ Мэр айлык акыны эки эсе көтөрүү боюнча убадасын аткарды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аэропортко кеткен жолдун эки тарабына көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Аталган аймакка 300 даана чынар көчөтү отургузулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуп, быйылкы жылдан тартып кызматкерлердин айлык акылары эки эсе жогорулатылганын билдирди. Белгилей кетсек, мэр буга чейин аталган ишкананын жаңы имаратынын ачылыш […]
✅ Ленинграддын блокададан бошотулгандыгына 82 жыл

Ош шаарында Ленинграддын блокададан бошотулгандыгынын 82 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын, Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп окуучулары катышты. Митинг-реквием “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталып, курман болгондордун […]
✅ Мэр эскертүү берилген экс-вице-мэр А. Байгазаковдун Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагындагы мыйзамсыз имаратын бузууну тапшырды

Бүгүн, таңкы рейддин жүрүшүндө шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Тилеке баатыр көчөсүндө жайгашкан, мурдагы вице-мэр – учурда Эсеп палатасынын аудити Алимжан Байгазаков таандык (эски автобекеттин жанында) 4 кабаттуу имаратты жеринен көрүп чыкты. Аталаган объект эски автобекеттин жерине жана Ак-Буура дарыясынын суу коруг аймагына мыйзамсыз курулган, ага ылайык объектти бузуу үчүн бир […]
✅ Таңкы рейд: Быйыл А.Навои атындагы паркта беш миң түп көчөт отургузулат

Таңкы рейддин жүрүшүндө шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Алишер Навои атындагы эс алуу багынын аймагында алынып салынган соода-сатык жайларынын ордуна беш миң (5000) түп көчөт отургузуу боюнча тапшырма берди. Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы аталган парктагы бир катар соода-сатык жайларын алып салуу боюнча көрсөтмө берген. Ошондой эле парк толугу менен жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап […]
✅ Менчиктештирилип кеткен 27 сотых стадиондун жерин бошотуу иштери башталды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги курулуштарды өз ээлери тарабынан бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, аталган объектти текшерүү учурунда Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгынын талаптары бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылып, Ош […]
✅ Ош шаарынын мэриясынын агартуу залынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агартуу залы жайгашкан имаратын кыдырып көрүп чыкты. Учурда имараттын эскилиги жетип, дубалдарынын айрым жерлери көчө баштаган. Жер төлөө бөлүгү пайдаланууга жараксыз болуп, таштанды топтолгон абалга келген. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтарга тиешелүү түтүктөрдүн бардыгы эскирип, […]
✅ Ош шаарында жолдор тазаланууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык шаар аймагындагы унаа жолдорунда туз себүү жана кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, аталган иштерди «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, ошондой эле Ош шаардык жолдор башкармалыгынын кызматкерлери аткарууда