Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленүүдө

Ош шаарындагы ”Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана калаа тургундары менен коноктору күбө болуп жатат. Саамалык сахналаштырылган көрүнүш, концерттик программа менен коштолууда.
“Келечек” балдардын чыгармачылык борбору жаңыдан толук оңдолду.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык борбордун ички бөлмөлөрүнүн дубалдары тегизделип, шыбалып, жаңы пол төшөлүп, жылуулук системасы жаңыланып, түтүктөр алмашылып, ички тепкичтери жаңыланып, эшик терезелери алмаштырылган. Аны менен бирге имараттын сырткы көрүнүш да жакшырып, коопсуздук үчүн жаңы тосмолор орнотулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргөн. Бүгүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар кеңеш төрагасы Болот Баетов, […]
70 жыл мурда курулган балдардын реабилитациялык борбору толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жарым кылымдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй турган кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун жаңыланган имараты менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты жана балдар алардын ата-энелери чогу көрүп чыгышты. Эки кабаттуу имараттын эскилиги жетип чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы дубалдары көчүрүлүп, жаңыдан акталып-сырдалды. Эшик-терезелери толугу менен […]
Маданият башкармалыгына майрамдык белек

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн эгемендүүлүк майрамына карата шаардык маданият башкармалыгына расмий иш-чараларда жана майрамдык салтанаттарда пайдалануу үчүн 10 жаңы заманбап күндөн тосуучу чатырларды жана жаңы эки толук жасалгасы менен кыргыз үй тапшырды. Буга чейин аталган мекеме майрамдык жана расмий иш-чараларды өткөрүүдө чатырларды жана жасалгасы менен кыргыз үйлөрдү ижарага алып иштетип келген. Эми дайыма […]
Жумабаев көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Жибек жолу аймактык башкармалыгындагы Жумабаев көчөсү кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп бүгүн эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар катышты. Эске салсак Жумабаев көчөсүнө мындан 60 жыл мурун асфальт төшөлүп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес болчу. Алгач биринчи этабында жолдун 1,5 чакырымы толук оңдолуп асфальт […]
Ош: Президенттин катышуусунда В. Терешкова атындагы жатак-мектеби ачылды

Бүгүн, 29-августта Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына келди. Мамлекет башчы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы жаңы жатак-мектебинин ачылыш аземине катышып, ошондой эле өлкөдөгү 100дөн ашык социалдык жана өнөр жай объекттеринин ачылышына онлайн режимде күбө болду. Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Орусиядан да делегация келди. Алардын арасында Мамдуманын депутаттары бар. Жатак-мектептин ачылышына мектепке […]
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ ТОПТОРУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим; – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий […]
60 жылдан кийин асфальт басылган эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык башкармалыгындагы Саидов жана Моминова көчөлөрү кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар катышты. Бул кесилишкен көчөлөргө 60 жылдан кийин быйыл мэрдин тапшырмасы менен асфальт төшөлүп, жолу кеңейтилди. Жолдун эки четине тротуарлар жасалып, лотоктор орнотулду. Моминова көчөсүнүн узундугу 1,6 чакырым, кеңдиги 20 метрге жетет. Ал […]
✅Ош шаарындагы жаңы базарда акциздик маркаларды көзөмөлдөө рейди өттү

Бүгүн, 28-августта Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана мэр Жеңишбек Токторбаевдин катышуусунда акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгы текшерилип, жасалма маркаларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Акциздик продукциялар салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калкты сапатсыз товарлардан коргоодо маанилүү […]
Жол кеңейтүү үчүн үйү бузулган үй-бүлөгө жаңы үй курулуп берилди

Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар алып салынган. Анын ичинде Данияр Исраиловдун үйү да болуп, жашап жаткан турак-жайы толугу менен бузулган. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен калаа бийлиги бул үй-бүлөгө бардык шарты менен жаңы үй куруп берди. Бүгүн көчөнүн ачылышынан кийин мэр жаңы турак-жайды да көрүп чыкты.