Бүгүн, 18-майда Ош шаарында катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаардын айрым аймактарында сел жүрдү.
Буга байланыштуу Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жарандык коргонуу кызматтары менен өткөргөн ыкчам кеңешмесинде берилген тапшырмага ылайык, учурда мэрдин орун басарлары, тиешелүү мекеме-ишканалардын, жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары келген селдин кесепеттерин жоюу, шаардагы ирригиациялык тармактарды тазалоо, иретке келтирүү боюнча жеринде тынымсыз, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.