Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү жана жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
Аукционго төмөнкү муниципалдык жер тилкелери коюлат:
I. Убактылуу ижарага берүү боюнча жер тилкелери:
• 1-лот. Ош шаарынын Керме-Тоо МАБынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүнүн № 95А дарегинде жайгашкан, аянты 7 722,07 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 6 505 653 сом. Жер тилкеси кичи базар уюштуруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 2-лот. Ош шаарынын Керме-Тоо МАБынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүнүн № 95А дарегинде жайгашкан, аянты 6 741,60 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 5 679 124 сом. Жер тилкеси кичи базар уюштуруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 3-лот. Ош шаарынын Керме-Тоо МАБынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүнүн №95А дарегинде жайгашкан, аянты 8 090,58 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 8 723 942 сом. Жер тилкеси коммерциялык багытта пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 4-лот. Ош шаарынын Жибек-Жолу МАБынын аймагындагы Целинная көчөсү менен Кыргыз ССРине 60 жыл көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 60,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 121 306 сом. Жер тилкеси жеңил конструкциядан соода павильонун орнотуу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 5-лот. Ош шаарынын Керме-Тоо МАБынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүнүн №41 дарегинде (болжолдуу багыты – “Хан-Ордо” ресторанынын маңдайы) жайгашкан, аянты 147,5 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 10 620 сом. Жер тилкеси көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 6-лот. Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Ишкаван айылынын Жаштар көчөсүндөгү № 13 даректеги жеке турак үйдүн жанында жайгашкан, аянты 1 045,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 56 430 сом. Жер тилкеси көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 3 жыл.
• 7-лот. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн № 95А/33 дарегинде жайгашкан, аянты 314,81 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 589 324 сом. Жер тилкеси коммерциялык багытта пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 8-лот. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн № 95А/39 дарегинде жайгашкан, аянты 1 188,04 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 2 224 011 сом. Жер тилкеси коммерциялык багытта пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 9-лот. Ош шаарынын Жибек-Жолу МАБынын аймагындагы Т. Салиев көчөсүндө жайгашкан, аянты 2 160,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 116 640 сом. Жер тилкеси көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 3 жыл.
• 10-лот. Ош шаарынын Яблоновая көчөсүнүн № 52 дарегинде жайгашкан, аянты 450,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 108 000 сом. Жер тилкеси жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 5 жыл.
• 11-лот. Ош шаарынын Жибек-Жолу МАБынын аймагындагы № 102 көчөсүнүн № 66А дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 117,58 чарчы метр болгон жер тилкеси (72,0 чарчы метр – ийне саюучу бөлмө, 45,58 чарчы метр – автоунаа токтотуучу жай). Аукциондун старттык баасы – 151 849 сом. Жер тилкеси жеңил типтеги конструкциядан ийне саюучу бөлмө орнотуу жана автоунаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 12-лот. Ош шаарынын Жибек-Жолу МАБынын аймагындагы Имам-Ата көчөсүндө, № 2 кирпич заводунун жанында жайгашкан, жалпы аянты 79,5 чарчы метр болгон жер тилкеси (52,0 чарчы метр – соода түйүнү, 27,50 чарчы метр – автоунаа токтотуучу жай). Аукциондун старттык баасы – 166 234 сом. Жер тилкеси жеңил типтеги конструкциядан соода түйүнүн орнотуу жана автоунаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 13-лот. Ош шаарынын Жибек-Жолу МАБынын аймагындагы Имам-Ата көчөсүндө, № 2 кирпич заводунун жанында жайгашкан, жалпы аянты 79,5 чарчы метр болгон жер тилкеси (52,0 чарчы метр – соода түйүнү, 27,50 чарчы метр – автоунаа токтотуучу жай). Аукциондун старттык баасы – 166 234 сом. Жер тилкеси жеңил типтеги конструкциядан соода түйүнүн орнотуу жана автоунаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
• 14-лот. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Б. Ормонов көчөсүндөгү № 53 үйдүн жанында жайгашкан, аянты 1 662,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 107 698 сом. Жер тилкеси жашылдандыруу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 3 жыл.
II. Жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча жер тилкелери:
• 1-лот. И. Закиров көчөсүнүн № 63А дарегинде жайгашкан, аянты 158,8 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 2 223 000 сом.
• 2-лот. Ош көчөсүнүн №20Б дарегинде жайгашкан, аянты 37,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 809 000 сом.
• 3-лот. Прибрежная көчөсүнүн №122 дарегинде жайгашкан, аянты 235,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 2 115 000 сом.
• 4-лот. Манас-Ата МАБынын аймагындагы Бегиш Аматов көчөсүнүн №92 дарегинде жайгашкан, аянты 91,70 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 531 000 сом.
• 5-лот. Ф. Сайидинов көчөсүнүн №73 дарегинде жайгашкан, аянты 117,85 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 825 000 сом.
• 6-лот. Х. Алимжанов көчөсүнүн №4 дарегинин жанында жайгашкан, аянты 136,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 564 000 сом.
• 7-лот. Ашимахунов көчөсүнүн №38А дарегинин жанында жайгашкан, аянты 122,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 098 000 сом.
• 8-лот. Ашимахунов көчөсүнүн №38 дарегинде жайгашкан, аянты 53,22 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 144 000 сом.
• 9-лот. А. Суюмбаев көчөсүнүн №24 дарегинде жайгашкан, аянты 105,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 470 000 сом.
• 10-лот. С. Айни көчөсүнүн №170 дарегинин жанында жайгашкан, аянты 105,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 620 859 сом.
• 11-лот. А. Шакиров көчөсүнүн №240/2 дарегиндеги турак үйдүн жанында, 9 кабаттуу турак жай аймагында жайгашкан, аянты 60,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 406 000 сом.
• 12-лот. С. Айни көчөсү менен Леонидов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак жай аймагында жайгашкан, аянты 100,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 2 068 000 сом.
• 13-лот. С. Айни көчөсү менен Леонидов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак жай аймагында жайгашкан, аянты 154,37 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 2 255 000 сом.
• 14-лот. Коргон айылынын №39/62 үйүнүн жанындагы турак жай аймагында жайгашкан, аянты 337,18 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 003 000 сом.
• 15-лот. У. Салиева көчөсүнүн №31А дарегинин чыгыш тарабындагы 5 кабаттуу турак жай аймагында жайгашкан, аянты 110,5 чарчы метр болгон жер тилкеси. Старттык баасы – 1 934 000 сом.
Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
Аукционго катышууну каалаган жарандар жана юридикалык жактар төмөнкү дарекке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү № 4, 2-кабат, 5-бөлмө.
Жеке жактар үчүн:
• Паспорттун көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:
• Нотариалдык жактан же каттоо органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
• Уюмдун өкүлүнө аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат;
• Өкүлдүн паспорту.
Мындан тышкары:
• Аукциондун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү;
• Тиешелүү лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтер;
• Лоттун номерин көрсөтүү менен аукционго катышуу жөнүндө бекитилген формадагы арыз талап кылынат.
Аукционду өткөрүү мөөнөтү:
Аукцион “Ош шамы” гезитине жарыя чыккан күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө 1 (бир) күн калганга чейин катышуу жөнүндө арыз берген адамдар катыша алышат.
Аукционго катышууну каалаган адамдар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ишеним каттын негизинде катышууга укуктуу.
Эскертүү! Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү жер тилкесин (мүлктү) аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 (үч) күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.
