ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу! Аукцион!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндө көрсөтүлгөн муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.

Аукционго төмөнкү муниципалдык жер тилкелери коюлат:
1-лот. Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Чернышевский көчөсүнүн №13 үйүнүн алдында жайгашкан, аянты 44,55 чарчы метр болгон жер тилкеси.
• Аукциондун старттык баасы – 15 396 сом.
• Пайдалануу багыты – көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү.
• Ижара мөөнөтү – 3 жыл.
2-лот. Ош шаарынын Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы А. Шакиров көчөсүндө, «Семейный» кафесинин алдында жайгашкан, аянты 15,0 чарчы метр болгон жер тилкеси.
• Аукциондун старттык баасы – 47 174 сом.
• Пайдалануу багыты – жеңил типтеги конструкциядан суусундук сатуучу түйүндү орнотуу.
• Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
Аукционго катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
Аукционго катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар төмөнкү дарекке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-бөлмө.
Жеке жактар үчүн:
1. Паспорттун көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:
1. Нотариалдык жактан же каттоону жүргүзүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жактын статусун тастыктаган документтер).
2. Уюмдун өкүлүнө аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат.
3. Өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү.
Мындан тышкары, бардык катышуучулар төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1. Аукциондун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
2. Тиешелүү лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
3. Лоттун номерин көрсөтүү менен аукционго катышуу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү арыз.
Аукционду өткөрүү мөөнөтү:
Аукцион “Ош шамы” гезитине жарыя чыккан күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
Катышуу үчүн арыздар “Ош шамы” гезитине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 29 (жыйырма тогуз) күндүн ичинде кабыл алынат.
Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө 1 (бир) күн калганга чейин катышуу жөнүндө арыз берген адамдар катыша алышат. Ошондой эле катышууну каалаган адамдар өз өкүлдөрү аркылуу тиешелүү ишеним каттын негизинде катышууга укуктуу.
Эскертүү! Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы аукционго коюлган тиешелүү жер тилкесин (мүлктү) аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 (үч) күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.

Окшош жаңылыктар

886770580_1473218764997016_6182577973334475439_n

Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен туруктуу камсыз болот

887990624_1473154931670066_8176454939770159492_n

“Коопсуз үй-бүлө — туруктуу коомдун негизи”

884929738_1472964365022456_1948704941028019638_n

Ош-АКШ: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана жаңы өнөктөштүккө карай кадам

883321315_1472909795027913_6019397958686722482_n

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат

885096944_1831729384534111_7739638159318503010_n

Кулактандыруу! Аукцион!

871895424_1472183578433868_4777033281572879138_n

V Элдик Курултай: Ош шаарынын делегаттарынын жыйыны өттү

Видео