ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жаңылыктар

Жер үстүнөн өтүүчү өтмөктө тесттик режимде лифттер иштей баштады

А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктө 4 лифт тесттик режимде ишке киргизилди. Лифттер мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга каралган. Сыноо

Подробнее »

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

30-сентябрда, шаар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш өтөт. Жарышка катышууну каалаган жарандар 30-сентябрда саат 08:00дө “Түбөлүк от”

Подробнее »

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт. Аталган мелдештерге катышуу үчүн табыштамалар муниципалдык аймактык

Подробнее »

Ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү

Ош шаарында билим берүү мекемелелеринин кызматкерлеринен жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалардын арасында улуттук ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгы

Подробнее »

Достук көпүрөсүнүн асты иретке келтирилип, темир тосмо менен тосулат

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөсүнүн алдын иретке келтирүү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жеринде тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери менен жыйын

Подробнее »

Мэр Б. Жетигенов капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдү кыдырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов А.Масалиев кең көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты. Мэр тиешелүү кызматтарга жолдун айрым жерлерине бордюрларды орнотууну аягына чыгаруу,

Подробнее »

Ош шаарында ишкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу катышып, ишкерлердин шаардын социалдык-экономикалык

Подробнее »

Ош шаары Кытай өлкөсүнүн Кызыл-Суу шаары менен кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсупов Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу облусундагы Партиялык топтун катчысы, мамлекеттик активдерди көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча комиссиясынын директорунун орун басары

Подробнее »

Жеке жактарга берилип кеткен соц объектилердин жерлерин кайтарып алуу иштери башталат

Кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды. Аталган билим

Подробнее »

Ош шаарында “Ромео жана Жульетта” спектакли аншлаг менен өттү

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жамал Сейдакматова атындагы “Туңгуч” жаштар театрынын артисттери тарабынан Уильям Шекспирдин “Ромео жана Жульетта” музыкалык -хореографиялык спектакли коюлду. Спектаклдин бет

Подробнее »

Ж.Раимбеков көчөсүн оңдоп-түзөө боюнча техникалык кеңешмесинин көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн көрктөндүрүү, асфальттоо жана жарыктандыруу долбоорунун алкагында жеринде Ош шаарынын мэриясынын техникалык кеңешмесинин көчмө жыйынын өткөрдү.

Подробнее »

Санитардык ченемдерди сактабаган ондон ашык мекеме жабылды

Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уланууда. Рейддин алкагында

Подробнее »

Ж.Раимбеков (Зайнабетдинова) көчөсүн оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө

Учурда долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, ирригациялык тутумдарды алмаштыруу, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, жер астынан түтүктөрдү өткөрүү, жолду асфальт басууга даярдоо боюнча

Подробнее »

Ош шаарынын мэриясынын “Балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө” доклады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна жана бекитилген жобосуна ылайык, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагын өткөрүү иш-мерчеми түзүлгөн. Сынак жаштардын жашоо турмушуна тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди

Подробнее »

Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке

Подробнее »

Ош шаарындагы кышка даярдык текшерилди

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте Ош шаарындагы көмүр сатуучу базаларды, мектептерди, бала бакчаларды кыдырып, кышка карата даярдык, көмүр менен

Подробнее »

Коррупция менен күрөшүү боюнча профилактикалык иштер күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери менен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча

Подробнее »

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, мекеме ишканалардын, уюмдардын жетекчилери

Подробнее »

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.