ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жаңылыктар

Ош шаарында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум өттү

Бүгүн, “Бабур” атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча”

Подробнее »

Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы Р. Абдыкадыров көчөсү Өскөналиев көчөсүнөн (болжол Кадамжай дүкөнү) баштап Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүндө асфальттоо иштери

Подробнее »

ОшМУнун медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош Мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрүн кабыл

Подробнее »

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо сөзү

Ардактуу айымдар, асылзат апалар, ажарлуу эже-карындаштар! Сиздерди жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Табият аялдарга сулуулукту, жан

Подробнее »

Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында 6-7-март күндөрү Аялдардын эл аралык күнүнө карата, калк арасында спортту жайылтуу максатында өткөрүлгөн кыз-келиндер командалары арасында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер жыйынтыкталып,

Подробнее »

Ош шаарында быйыл 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Бүгүн, Ош шаарында шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузууга Ош шаарынын

Подробнее »

Ош шаарында Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли коюлду

З.Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын артисттери тарабынан Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли тартууланды. Маданий иш-чаранын алкагында

Подробнее »

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди бүгүнкү 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен кызуу куттуктаймын! Ак калпак-Кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү жана кемибес дүйнөсү

Подробнее »

А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун айланасын баштапкы абалына келтирүү иши башталды

Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун айланасы 2001-жылы берилген токтомго ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн. 1996-жылы соц обьектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчике бербөө

Подробнее »

«Манас» театрынын төкмө акындары айтыш-концертин тартуулашты

Бүгүн, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Манас» театрынын өнөрпоздорунун “Андай эмес…” аталышындагы айтыш-концерти өттү. Концертте акындардын айтышы, комуз күүлөрү, залкарлардын термелери жаңырып, обондуу

Подробнее »

Ош шаарындагы № 177 көчө толук оңдоодон өтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, аймакта жайгашкан №177 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Долбоор

Подробнее »

Ош шаарында токтоп турган 625 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Калаа башчысы жүргүзүлүп жаткан жумуштар өз

Подробнее »

Аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу Ош автобекетинен гана жүргүзүлөт

Бүгүн 1-марттан тарта Ош шаарынан аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык каттамдар шаардык автобекеттен гана каттай баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов автобекеттеги айдоочулар

Подробнее »

Кыргыз тилиндеги мультфильмдер коомдук транспортто коюла баштайт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын

Подробнее »

Ош шаарында жазгы үч айлык башталды

Бүгүн, Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын,

Подробнее »

СЫНАК!

Ош шаарынын мэриясы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында шаардагы 8, 1-март көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №15 М.Курбанов атындагы орто мектебинин отканасын оңдоп-түзөөгө (модернизациялоого) СЫНАК жарыялайт жана

Подробнее »

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.