Бүгүн 4-ноябрь күнү Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтью Хабиновски менен жолугушту.
Жолугушууда Ош шаары менен АКШнын шаарларынын, анын ичинде Чикаго шаары менен боордоштук байланыштарды түзүү, инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Оморбек Торобаев шаарда түзүлүп жаткан ишкердик жана инвестициялык инфраструктура, ошондой эле мейманкана куруу, туризм, соода-логистика жана башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Ал чет элдик инвесторлор менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө Ош шаары кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Мэтью Хабиновски бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана ишкердик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Ошондой эле тараптар билим берүү, англис тилин үйрөнүү, транспорттук логистика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине да көңүл бурулду.
Жолугушуунун соңунда эки тараптуу байланыштарды чыңдоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

